Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, талкуудан кийин Президентинин Аппаратынын алдында интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлө турган болгон жана ага коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киргизилмекчи.
“Биз балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы таштанды балдарга, ошондой эле жакындары карылар үйүнө таштап кеткен улгайган адамдарга байланыштуу кырдаалды терең иликтейбиз. Региондордогу жетекчилер өз облустарын жана райондорун өнүктүрүүнү гана ойлобостон, калктын аярлуу катмарын коргоп, наристелерди жана карыяларды үй-бүлөлөрүнө кайтарышы керек. Деги эле кыргыз эли эч убакта өз балдарын жана ата-энелерин таштаган эмес. Тескерисинче, чоң жоопкерчилик менен аларга камкордук көргөн. Биздин эң башкы милдеттерибиздин бири — бул ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө чоңоюп, тарбияланышына жетишүү”, — деп белгилеген маек учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков.
“Мамлекет башчысы балдардын үй-бүлөдө чоңоюу укугун камсыз кылуунун маанилүү экенин, анткени татыктуу адамды жана жаранды бала ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна, мээримине бөлөнгөн үй-бүлөдө гана тарбиялоо мүмкүн экенин баса белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.
“Бул программа Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болооруна ишенебиз. Биздин республикада жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды балдар үйлөрүндө жана интернаттарда багуу маселеси өтө курч бойдон калууда. Күн сайын мамлекеттик жана жеке менчик интернат тибиндеги жаңы балдар үйлөрү ачылып, коррупциялык схемалардын пайда болуусуна жол берилүүдө», — деди Назгүл Турдубекова.