• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловго ИИМде коррупция күч экенин айтты

3 Чын куран 201817:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.04.2018.Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү билдирди. 

Ички иштер министри Коопсуздук кеңешинде коюлган негизги тапшырмалардын аткарылышы жана кылмыштуулук менен күрөшүудөгү ыкчам аракеттер тууралуу Президентке маалымат берди.

Сооронбай Жээнбеков ИИМ тарабынан коррупция менен күрөш күчөп жатканы байкалууда деди.

«Статисткалык маалыматтарга таянсак ИИМ системасында коррупциянын деңгээли жогору. Ошондой эле мыйзам бузган милиция кызматкерлери көп катталууда.  Биз максатка жетүү үчүн дагы көп эмгек керек»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

 

 

Количество просмотров: 64