• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Уурулар арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек

27 Кулжа 2018 11:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.06.2018.Govori.TV.
Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун «ушул адамды бошотуп койсоңуз» деген суранычтары түшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, президент парламентте сүйлөп жатып айтты.
«Бул күрөш коомдун колдоосуна, жарандардын аӊ сезимдүүлүгүнө жана активдүү позициясына да муктаж. Азыр «ууру болсо да биздин бала эле” деген ой менен, бир айылдын баары теӊ кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат. Коррупцияга каршы күрөш – жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек! Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек! Мамлекеттин, элдин ырыскысын уурдагандар эртедир-кечтир элдин ырыскысын кайтарат!»,- дейт президент.
Президенттин сунушу менен өкмөт атайын эсеп ачылганы белгилүү. Бул эсепке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө өндүргөн акчаны которушат.
Количество просмотров: 31