• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз куткаруучуларынын жумушу, түрктөрдүн мактоосуна татыды

13 Бирдин айы 2023 15:13 Бишкек Govori.TV

Түркияга келген табигат кырсыгын Кыргызстандыктар терең кайгыруу менен кабыл алып, ар бир болуп жаткан окуяны жан дүйнөсүнөн өткөрүп жатканын Бишкек шаарынын айрым тургундары айтып беришти.

Апааттан улам куткарууга барган мекендештерибиздин ишин мыкты аткарып жатканын, Түркиянын массалык маалымат каражаттары толкундануу менен ыраазылык айтканынан билсек болот.

Кырсыктын болгонуна канча күн өтсө да, кыргызстан кол кабыш кылууну токтоткон жок. Бул жагдайды боордош элдин түйшүгүн жеңилдетүүгө кошкон салым деп эсептесек болот.

Ыктыярдуу жардамчылар Түркиянын эли кийим кечеге эмес, акча, суу, баш калкалоо үчүн чатыр сыяктуу буюмдарга муктаж болгонун белгилешүүдө.

Чатыр (палатка), газ же электрондук жылыткычтар, тамак бышыруу үчүн мештер, уктоочу каптар, бүктөлмө керебеттер, балдар үчүн жаңы кийимдер.

Түркияда убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктар да кол кабыш кылып, мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берип жатышат.

Өлкөдөн барган куткаруучулардын, башкалардан айырмаланып, өз өмүрүн тобокелге салып болсо дагы боордошторду куткарууга жан үрөгөн азаматтардын эмгеги мактоого арзыйт.

Количество просмотров: 5462