• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Сооронбай Жээнбековду Өзбекстандын президенти самолетко салып жиберди

15 Бештин айы 2017 10:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.12.2017. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына расмий сапары жыйынтыкталды.

13-14-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасына расмий сапары болду. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду, деп маалымдайт президенттин маалыматтык саясат бөлүмү.

Расмий спардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Ошондой эле мамлекет башчысы өнөр жай товарларынын көргөзмөсүнө барды.

Сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери Ташкент шаарындагы өнөр жай көргөзмөсүнө барышы менен соңуна чыкты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев И.Каримов атындагы “Ташкент” эл аралык аэропортунан мекенине узатты.

Количество просмотров: 7