• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сооронкулова: Бишкек мэриясы борбордо чектөө киргизип, өз билемдик кылып жатат

5 Бугу 2020 18:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы борбордо чектөө киргизип, өз билемдик кылып жатат. Мындай пикирин Конституциялык палатасынын мурунку судьясы Клара Сооронкулова Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында жалпысынан эле өзгөчө абал режими киргизгенден тартып Конституция сакталган жок.

«Конституцияда көрсөтүлүп турат адам укуктары бул жогорку баалуулук деп, кандайдыр бир укук чектелиши мүмкүн бирок, ошол чектер өлчөмдөш болуусу керек. Баарыбызга таандык, жалпыбызга маанилүү кандайдыр бир максаттарга өлчөмдөш болуусу керек деп айтылат. Ошого карата абал тууралуу указ чыкканда президент көрсөтүшү керек эле, мисалы мына бул укутарыңарга чек коюп жатабыз деп, жана ошол чектөөлөр кандай максатта болуп жатканы тууралуу жүйөөлөр болуусу керек болчу. Тилекке каршы андай нерсе указда орун алган жок, ушундан улам жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик бийлик органдар өз билгенин кылып жатышат», — деди ал.

Сооронкулова ар кайсы аймак өз билгенин кылып, жер жерлерде ар башка эрежелер орун алып жатканын белгиледи.

«Мисалы азыркы өзгөчө абал режими алынгандан кийин дагы жаңы эрежелер кирип жатат, ал эми ал эреже менин укугумду чектеп жатат да. Менин бул учурда мамлекетке суроо бергенге укугум бар, кайсы мыйзам менен менин укугумду чектеп жатасыңар деп», — деген оюн кошумчалады ал.

Мындан тышкары мурунку судья азыркы учурда коронавирустан айыктыруу үчүн болуп жаткан дарылоону ар кайсы мамлекет өзү каалагандай жүргүзүп жатканы да туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында мындай аракет адамга карата жасалган эксперимент катары болуп калаарын кошумчалады.

Количество просмотров: 477