• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

24 Тогуздун айы 202310:41 Бишкек Govori.TV

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

№9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

«Өлкөнүн башка жол жана ашууларында да кар жаап, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.

Количество просмотров: 97