• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сосновка постундагы чектөө алынды

16 Бештин айы 202410:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 16-декабрда саат 09:30дө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 19:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Количество просмотров: 111