Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке чечим чыкты. Ишти караган судья Кылычбек Истамкулов.
Соттун чечимине ылайык, Тemirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы күнөөлүү деп табылып 6 жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков 5 жылга эркинен ажыратылды. Сот “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееваны күнөөлүү деп таап, 5 жылган эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, бирок 3 жылдык пробация колдонуу менен абактан бошотту.
Соттун чечими менен калган айыпталуучулар кылмыштын курамы жок деген негиз менен акталды.
Махабат Тажибек кызы соттун чечими менен макул эместиктерин айтып, каршы доо арыз менен кайрыла тургандыгын айтты.
Белгилей кетсек, отурумга сот ишин чагылдырууга келген ЖМК өкүлдөрү киргизилген эмес. Муну кеңсенин кичинекейлиги менен түшүндүрүшкөн.
Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.
Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.
Ушул тапта төрт журналист — Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат. Калганы жетөө үй камагына чыккан.