• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Сот Акыл Орозбековду 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарды

2 Бирдин айы 2024 15:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Акыл Орозбековду 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарып, кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Орозбеков үй-бүлөдө жалгыз багуучу экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.

«Мага коюлган айыптар менен макул эмесмин. Буга чейин саясий иштерге да аралашкан эмесмин. Мен болгону техникалык кызматкермин», — деди ал.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 178