• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сот «Азаттыкты» жабуу чечимин чыгарды

27 Чын куран 2023 15:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу арызын канаттандырды.

Жактоочу Тимур Султанов райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдирди.

Ал эми адвокат Акмат Алагушев чечим чыгардын алдында министрликтин арызын четке кагууну суранган.

«Бир материал үчүн медианы жаап салбаш керек»,-деп билдирген Алагушев.

26-апрелдеги отурумда «Азаттыкка» каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис сотто көрсөтмө берип, экспертизага коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын, ага юристтер гана аныктама бериши керектигин билдирген.

24-мартта Бишкектин Ленин райондук соту «Настоящее время» телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу министрликтин өтүнүчү канааттандырылган.

Анда «Настоящее время» телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козутуунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлган.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.

Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Количество просмотров: 101