• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сот Бишкекте аялды өлтүрө сүзгөн айдоочуну 7 жылга кести

1 Чын куран 2023 19:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 50 жаштагы М. А. аттуу аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу жети жылга кесилди.  Маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, шектүү сот залынан камакка алынган.

Эскерте кетсек, кырсык үстүбүздөгү жылдын 30-январь күнү Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аялды сүзүп кеткен. Кырсыктан үч күн өткөндөн кийин жабырлануучу ооруканада көз жумган.

Буга чейин иш Свердлов райондук сотунда каралып, сот айдоочуну үй камагына чыгарган. Бул тууралуу маркум Миргүл Айткулованын балдары айтып чыгып, соттун чечими коомчулукта талкуу жараткан.

Количество просмотров: 417