• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимди жокко чыгарды

10 Жалган куран 2021 16:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту борбор калаада митинг жана башка тынч акцияларды өткөрүүнү эки айга чектеген чечимди жокко чыгарды.

Маалымат боюнча, райондук соттун Биринчи Май райондук акимчилигинин митингдерди бир гана жерде өткөрүү демилгесин колдогон чечими жокко чыгарылды.

Эске салсак, Биринчи Май райондук администрациясы 22-февралдан 22-апрелге чейин митинг жана башка тынч акцияларды Максим Горький атындагы бакчада гана өткөрүү тууралуу чечимин 22-февралда чыгарган. Райондук сот бул чечимди мыйзадуу деп баалаган.

Количество просмотров: 216