Бишкек. 09.04.2019. Govori.TV.
Бишкек шаарында уурулукка шектелген жигит кармалды. Ал 15 ноутбук уурдап кеткенин бүгүн, 9-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
ШИИБге 1-апрель күнү Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы С.К. арыз менен кайрылып, департаменттен «Асер» үлгүсүндөгү жалпы 700 миң 975 сомго бааланган 15 ноутбукту уурдап кеткен М.С.га чара көрүүнү өтүнгөн. Ал кылмыш жасагандан кийин качып кеткен.
Бул факты Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган М.С. кармалып, андан далил буюм катары 11 ноутбук табылды. Учурда калган 4 ноутбукту табуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.