• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сот экс-депутат Каныбек Осмоналиевди актады

15 Тогуздун айы 2018 18:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевге коюлуп жаткан айыптар негизсиз деп табылып, акталды. Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
 Маалыматка караганда, айыптоочу тарап 10 күндүн ичинде жогорку инстанцияга арыз менен кайрылса болот.
Соттон акталып чыккан Осмоналиев «мен ушундай чечим чыгышын билгем. Себеби күнөөм жок болчу»,- деген пикирин билдирди.
Буга чейин прокурор экс-депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Осмоналиевге «Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизди» деген шек менен «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Количество просмотров: 16