• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Сот кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 20 жылга соттоду

26 Үчтүн айы 2024 15:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кести. Ошондой эле ал Аселге 2 млн сом төлөп бериши керек.

Соттук отурум Сокулук райондук сотунда жабык каралды.

Эстебесов кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү («Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» — бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн) 194-берененин 2-бөлүгү, («Турак жайдын кол тийбестигин бузуу» — күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берене, 2 жана 3-бөлүгү, («Ден соолукка оор залал келтирүү» ) 137-берене («Кыйноолор») 154-берененин 2-бөлүгү, («Зордуктоо»), 122-берененин 2-бөлүгү («Адам өлтүрүү») менен күнөлүү деп табылды.

Количество просмотров: 108