• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сот кызматкери пара менен кармалды

4 Жетинин айы 2023 13:17 Бишкек Govori.TV

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери 45 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Экономикалык иштер боюнча САКБнын кызматкери Т.Н.Ж. сот аткаруучулар кызматынын кызыкчылыктарына каршы, ошондой эле материалдык пайда алуу максатында Б.И.М. аттуу жарандан өлкөнүн чегинен тышкары чыгуу үчүн чектөөлөрдү алып салуу маселеси оң чечилиши үчүн 45 000 (кырк беш миң сом) өлчөмүндө акча талап кылган. Т.Н.Ж.нын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда мурда белгиленген 45 000 сомдук каражат табылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Т.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Количество просмотров: 940