«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарандык активист Мелис Аспековго 50 миң сом моралдык компенсация төлөп бериш керек .Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алганын Аспеков «Фейсбук» баракчасына жазды.
“Сот Мадумаровду менден «Фейсбук» аркылуу кечирим сурасын жана мага 50 миң сом, мамлекетке 5 миң сом төлөп берсин деген чечим чыгарды. Мадумаровдон утуп алган 50 миң сомго өзүмдүн районума караштуу Сейил паркына даараткана курам”,-дейт Аспеков.
Эске салсак, Мелис Аспеков бир жыл мурда Биринчи май райондук сотуна «кадыр-баркыма, ар-намысыма шек келтирди» деп Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз жазган. Ага 2017-жылы саясатчы телеканалдардын биринде Мелис Аспековду «УКМК кызматкерлерине иштейт жана провокатор» деп айтканы негиз болгон.