Бишкек шаардык соту Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаевди үй камагына чыгарды.
Малыматка караганда, мындай чечим 20-декабрда кабыл алынган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1-декабрда аны 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Кошумчалай кетсек, 1-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Алмазбек Истамбаев Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен шек саналып кармалганын кабарлаган.