Бүгүн, 20-мартта Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Ал 2024-жылдын 20-майына чейин үй камагында болот.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Ишти Биринчи Май райондук соту өткөн жылдын 22-июнь айынан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылып келишет.