• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мадумаров: Кемпир-Абад маселеси бийликтин маңдайына жазылып калган кылмыш болот

31 Бугу 2023 18:12 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселеси бийликтин маңдайына жазылып калган түбөлүктүү кылмыш болот. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

«Кемпир-Абад маселесин күн сайын көтөрөм. Булар кылмыш ишин козгоп койсок, көпчүлүгүнө окшоп унчукпай отуруп калат деп ойлогон. Кемпир-Абад туура эмес чечилген. Бул иш боюнча кармалгандардын баары мыйзамсыз камкта отурат»,-деди ал.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеваны, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевди, активист, активист Таалайбек Мадеминовду, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган.

Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, журналист Айданбек Акматов, Эрлан Бекчоро уулу, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Бектур Асанов жана башкалар 20-июнга чейин камакта калган.

Количество просмотров: 111