Биринчи май райондук соту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдакы башчысы Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана анын мурдакы маалымат катчысы Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Акин Токталиевдин арызы толук жазылган эмес. Ал Галина Байтеректин дарегин көрсөтүп, мамлекеттик пошлинаны төлөгөн эмес.
Белгилей кетсек, Акин Токталиевдин пикиринде Садыр Жапаров жана анын маалымат катчысы Галина Байтерек ал жөнүндө такталбаган маалыматты таркатып, ар-намысына шек келтирген.
Ал президенттен 100 миллион сом талап кылды.
Токталиев Садыр Жапаров соттолгон кезде анын жактоочусу болгон.