• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сот Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты

4 Кулжа 2020 12:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, шаардык соттун чечими менен Жээнбеков 18-июлга чейин №1 тергөө абагында камакта калтырылды:

«Шаардык сот бөгөт чарасын башка, жеңилирээк түрүнө өзгөртүүгө негиз жок деп тапты. Бул чечимге биз макул эмеспиз. Себеби Жээнбековго коюлуп жаткан айыптар конкреттүү далилдерге негизделген эмес».

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Количество просмотров: 124