• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Сот Жолдубаева менен Тажыбек кызынын ишин кыскартты

10 Үчтүн айы 2024 18:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда журналисттер Кундуз Жолдубаева жана Махабат Тажыбек кызына байланыштуу иш каралды.

Маалыматка ылайык, сот ишти кыскартып, Жолдубаева менен Тажыбек кызынын аракетинде майда бейбаштык жок деп тапты.

Эске салсак, 7-декабрда Кундуз Жолдубаева Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө бир саат сурак берип чыккан. Журналист буга депутат Надира Нарматованын “Арча медиа” YouTube каналындагы эфирлердин биринде анын беделине шек келтирилгени тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековго жазган арызы негиз болгонун билдирген. Ал арызында Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызына чара көрүүнү суранган.

Количество просмотров: 175