• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сот Журабаеваны 20-февралга чейин камакта калтырды

13 Бештин айы 2022 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны 20-февралга чейин камакта калтырды.

Ушул эле күнү Кеңешбек Дүйшөбаев, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыровдордун бөгөт чарасы каралды.

Кыргызстанда «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын саны 30га чукулдады.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Количество просмотров: 287