• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Сот журналист Бузумовду 2 айга камакта калтырды

12 Жалган куран 2024 17:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Жоодар Бузумовдун баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырды.

Бузумов журналисттерге кыскача комментарий берди.

«Журналисттердин канатын кайрыбагыла. 2 айга камакта калтырды. Акыйкатсыздык!», — деди Бузумов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 67