• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сот журналист Бузумовду 2 айга камакта калтырды

1 Чын куран 2024 15:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаардык соту журналист Жоодар Бузумовдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун 2 айга камакка калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Бузумов 13-майга чейин камакта болот.

«Жоодар Бузумовдун иш аракеттеринде коюлуп жаткан айыптардын кымындай да белгилери жок», — деди жактоочу Такен Молдакулов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январвнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 64