Журналист Жоодар Бузумов 2 айга камалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Такен Молдокулов билдирди.
Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, 2024-жылдын 13-мартына чейин камакта болот.
«Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылабыз. Чечим менен макул эмеспиз», — деди ал.
Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Массалык башаламандык уюштурган» деген шек менен 16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерди кармап, алар 48 саатка камалышкан.