• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сотто Атамбаевди темир тор ичинде кармоо боюнча сунуш колдоо тапты

11 Бугу 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Ташта болгон окуялар боюнча отурум 18-майга жылдырылды.

Ага соттолуучулардын биринин жактоочусу алмашкандыгы себеп болгон.
Айыпталуучу Карыпбек уулунун жаңы жактоочусу Б.Сатыбалдиев иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт сураган.

Мындан тышкары, бүгүнкү отурумда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар темир тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Буга чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

Количество просмотров: 620