• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соттолгондорго паспорт берилди

23 Бугу 2020 16:13 Бишкек Govori.TV

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде соттолгондорго паспорт берүү улантылып жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинин администрациясы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Аламүдүн райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте он эки соттолгонго паспорт беришкен.

«Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде 1500 ашуун соттолгон паспортко муктаж болсо, паспорт алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмдөрүнө 800 дөн ашуун соттолгондун материалдары жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө анын 94 соттолгон паспорт менен камсыз болду. Мындан сырткары түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери тарабынан сот жана тергөө органдарына суроо каттар жөнөтүлүп, соттолгондордун жоголуп кеткен паспортторунун 80 даанасы кайтарылып, соттолгондордун өздүк иштерине тиркелди»,-деп айтылат мекеменин маалыматында.

Кошумчалай кетсек, паспорт менен камсыз кылуу — бул соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин өндүрүшүнө жумушка орноштуруу, аларга социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүү, никеге туруу жана пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле камак жайынан бошонуп чыккандай кийинки убакытта ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана жумушка орношуу маселелеринде чоң өбөлгө түзөт.

Количество просмотров: 130