• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

100 миң доллар пара алып эркинен ажыратылган Арпачиев жатак абагына которулду

6 Аяк оона 201911:40 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев жатак абагына которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.


«Кылычбек Арпачиев 17-июлда жатак абагына которулду. Жаңы күчүнө кирген кодекстердин негизинде ар бир соттолгон иши кайра каралып, мөөнөтү кыскарып келген. Ал мыйзамдын негизинде жатак абагына которулган», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кылычбек Арпачиев пара алып жаткан жеринен кармалып, 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 159