• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соттон Салянованын апасын ооруканага алып кетишти

5 Кулжа 2019 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.

Экс-башкы прокурор Аида Салянова 2 күндөн ашык ИИМдин убактылуу кармоочу жайында отурат. Ага карата бөгөт чарасы каралышы керек болчу. Мыйзамга ылайык 48 сааттан калбай чечим чыгарылышы керек болчу. Бирок кечээтен бери сот отуруму болбой, сотко келген тарапташтары чайналып бүттү, дешен жактоочулар.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын баш коргоо чарасы саат 10:00до каралмак. Бирок, процесс болгон жок, соттор өзүлөр жок, Салянова Биринчи май райондук сотуна алынып келине элек, деп айтылган. 

Сот саат 15:00кө жылган, бирок анда да болбой калып саат 17:30га жылды. Ошол убакытта Салянованын апасынын кан басымы көтөрүлүп, жүрөгү кармап, туугандары ооруканага алып кетишти.

Эскерте кетсек, баш коргоо чарасы 5-июнь күнү Айт майрамына карабай саат 10:00до боло турганы айтылган.

Количество просмотров: 33