• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соттор күнүндө сот адилетсиздигине каршы митинг өтүүдө

5 Жалган куран 2018 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 5.03.2018. Govori.TV

Кыргызстанда жыл сайын 5-март Соттордун кесиптик майрамы белгиленет. Быйыл жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстандын сот тармагындагы адилетсиз чечимдер, соттордун коруппцияланышына,  соттордун саясий өкүмдөрүнө каршы тынч митинг өткөрүүдө.

“Акыйкаттык боюнча акыркы чечимди Жогорку Сот коет. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда Жогорку Соттун өзү коррупцияланып, бул соттун жогорку органына бийликтин айтканын аткарган, саясий чечимдерди чыгарган, мыйзамдарды тебелеген адамдар сот болуп бара жатат. Жогорку Соттун төрайымы элдин талабын угушу керек, мыйзамдуу иш алып барышы керек. Тагдырларды талкалаган паракор сотторго орун жок”,-деп айтты митингдин уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Рита Карасартова.

Ошондой эле бул митинг Президент Сооронбай Жээнбековдун сот тармагын тазалап, реформалоо боюнча катуу чараларды көрө тургандыгынан улам, ага колдоо көрсөтүндө өтүп жатканын айтты.

Эске сала кетсек, Жогорку соттогу бош орундарга Ирина Воронцова, Кымбат Архарова сыяктуу саясатчылардын үстүнөн өкүм чыгарган соттор сынактан жеңип өтүп баратышат.

 

Количество просмотров: 37