• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соттордун айлыгы 160 миң сомго чейин көбөйдүбү? Жогорку сот үн катты

31 Үчтүн айы 2022 10:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Финансы министрлиги ушул жылы соттордун айлыгы орточо 81 миңден 160 миңге чейин көтөрүлгөнүн билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, аскер кызматкерлериники орточо 21 миңден 28 миңге, медицина кызматкерлеринин айлыгы орточо 8 миңден 13 миңге чейин, маданият кызматкерлеринин айлыгы орточо 7,8 миңден 11,7 миңге көбөйгөн. Белгиленгендей, бул максатта кошумча 3,8 млрд сом бөлүнгөн.

Өз кезегинде Жогорку соттун басма сөз кызматы судьялардын айлыгы көтөрүлгөндөн кийин инстанцияларга жараша 40 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетип жатканын билдирди. Айлыкка иш стажысы, квалификациялык классына, класстык чинине жараша ар кандай сумма кошулуп жатканы белгиленет.

«Бүгүнкү күндө бир айлык эмгек акы КР Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн суммага жакындашпайт. Маалыматтарды ачык булактардан көрүүгө болот. Ошону менен бирге Жогорку сот быйыл Финансы министрлиги чоң ийгиликтерге жетишип, айлык акынын көтөрүлүшү сот системасынын бардык кызматкерлерине таасирин тийгизет деген ишенимде»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 247