Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV.
2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун караштуу Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери Д.С. и Ч.М. 25 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалгандар алимент төлөө боюнча 67 000 сом өлчөмдөгү карызы бар болгондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксат берүү үчүн жергиликтүү тургундан 30 000 сом өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.
Материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалгандар Жалал-Абад шаардык ШИИБ ТКЖ киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.