• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

СОVID-19 шартында түрмөлөрдөгү адамдардын ден соолугуна кам көрүлгөнбү?

10 Жалган куран 2021 16:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-мартта «СОVID-19 шартында Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү калктын ден-соолугуна кам көрүү укугунун сакталышына жүргүзүлгөн мониторингдин» жыйынтыктарын түрмөлөрдөгу саламаттыкты сактоону жалпы тутумга интеграциялоо, адам укуктарын урматтоо жана жалпы калктын ден-соолугун сактоо жолу менен түрмөлөрдүн калкына талаптагыдай медициналык жардам көрсөтүү көз карашын ишке ашырууну талкуулаган тегерек стол өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева, КР Акыйкатчысы — Токон Мамытов, Юстиция министрлигинин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын январына чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин жетекчилигинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту жана «Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фонду тарабынан Сорос — Кыргызстан фондунун жардамы менен пенитенциардык саламаттыктын абалына баа берүү иши жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизги максаттары: инфекциялык көзөмөлдөө тутумун жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты боюнча маалыматтарды чогултуу жана баалоо; түрмөлөрдөгү саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүн, муктаждыктарын жана талаптарын аныктоо; Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жана эпидемияга каршы иш-чаралар боюнча усулдук жардам көрсөтүү.

Тегерек столдо сөз сүйлөгөн депутат Чынара Урумкалиева биздин абактардагы кармоо абалы эл аралык стандарттарга жооп бербей турганын белгилеп өттү.

Ал эми Акыйкатчы абакка түшкөн адам кармалган күндөн тарта ден-соолугуна байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укутуу экенин айтат.

«Бизде абакка тушкөн адамды коомчулук жокко тете көрүп калган көрүнүш бар. Ал эми аларга тийиштүү медициналык жардам да берилбей калса бул жазасынын үстүнө дагы бир жазадай болуп калат. Андыктан көңүл буруу кажет», — дейт Мамытов.

«Юристтер адам укуктары үчүн» коомдук фондунун төрайымы Асель Койлубаеванын айтымында бул мониторингге Кыргызстандагы жайгашкан баардык абактар камтылган.

«Биз жабык жайлардагы медициналык жардам кандай негизде болот деген суроонун негизинде изилдөө жүргүздүк. Биз буга чейин абактардагы меджардам түзүк абалда эмес экенин угуп келчүбүз. Мындан улам бул суроону ичинен иликтөөгө аракет кылдык. Биз документтер менен иштедик, андан сырткары маек алышуу менен да изилдөө кылдык. Баарын болбосо да алыбыз жетишинче баарлашууга аракет кылдык. Албетте ар кандай адамдар менен маек кылгандыктар оор абалдар көп болду. Андан соң кагазга жазылган менен ооз эки баарлашуунун жыйынтыктарын салыштырдык. Салыштырмалуу баары бири-бири менен дал келди. Мындан тышкары дагы да бир топ алдыда пландарыбыз бар. Алсак, атайы электрондук браслет, абактагы аялдардын ден соолугуна кам көрүүсү боюнча иштер бар», — дейт ал.

«СОVID-19 шартында Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү калктын ден-соолугуна кам керүү укугунун сакталышына жүргүзүлгөн мониторингдин» отчетунда келтирилген маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде 8724 соттолгон адам болгон. 2020-жылы түрмөлөрдө отургандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 9,6% га аз (9654 соттолгондор) жана 2018-жылга салыштырмалуу 22,2% аз (11 214 соттолгондор).

8724 соттолгондордун 324у (3,7%) аялдар, 11и (0,12%) жашы жете элек балдар, 139у (1,6%) 60 жаштан жогору пенсионерлер.

8724 соттолгондордун ичинен 58 адам (0,7%) 1-2-3-топтогу майыптар, алардын ичинен 26 адам 1-2-топтогу майыптар, 32 адам 3-топтогу майыптар.

Ооруунун структурасына ылайык, абактагылардын 183 адамы (2%) ВИЧ-инфекциясы менен, 83 адам (0,95%) банги заттардан кез каранды, 22 адам (0,3%) алкоголго кез каранды, 59 адам (0,7%) кургак учук менен оорушат.

Маалыматтарга ылайык, 2020-жылы жалпысынан 962 бейтап (11%) дарыланган, анын ичинен 51 (5,3%) жарандык сектордун саламаттыкты сактоо мекемелеринде стационардык дарылануудан өткөн.

Количество просмотров: 97