• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

СOVID күчөдү. Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылгандар көбөйдү

11 Үчтүн айы 2022 14:12 Бишкек Govori.TV

Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага коронавирус менен кайрылгандардын жана жаткандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Govori.TVга аталган мекеменин жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага таажы илдетин жуктуруп көбүнчө орто жаштан жогорку курактагы адамдар кайрылууда.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканасында абал жалпысынан стабилдүү. Бизде коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алуу үчүн атайы бөлүмдөр ачылган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин буйругу менен 200 орун дайындалып, COVID-19 жуктургандар көбөйгөнүнө байланыштуу 300 орун түзүлдү. Ошол себептүү бизге кайрылгандардын дагы саны өстү. Бир сутка ичинде 59 адам кайрылып, анын 48и биздин ооруканага жаткырылды. Бул оору жуктургандардын санынан кабар берет. Министрлик тарабынан башка ооруканаларга орун даярдоо боюнча маселе көтөрүлүп жатат, анткени инфекциялык ооруканада толуп калды. Негизинен вирус жуктуруп келгендер орто жаштан жогорку курактагы адамдар. Ошондой эле көбү эмдөөдөн өткөн эмес. Алар өтө оор абалда келип жатышат. Учурда жандандыруу бөлүмүндө 15 бейтап жатат, баары вакцина алган эмес»,-деди Аалиев.

Ошондой эле Аалиев коронавирус инфекциясы мутация болуп жатканына байланыштуу «омрикон» штаммы биздин өлкөдөн дагы чыгып калышы мүмкүн деген божомолун айтты.

«Вирус улам мутация болуу менен өзгөрүп жатат. Ал эми коңшу өлкөлөрдө «омрикон» штаммы аныкталууда. Биздин өлкөдө илдет жуктургандардын 90%ы «дельта» штаммын жуктургандар. кышкы эс алууда чет өлкөгө сапарга барып келгендер болду, кооптуу вирус Кыргызстанда дагы чыгып калышы мүмкүн»,-деди Аалиев.

Кошумчалай кетсек, акыркы аптада коронавирус жуктургандардын саны кескин өстү. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 11-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан 2 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2821 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 348 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (244 адам). Кечээ 10-январда вирус жугузган 198 адам катталган. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 186 413 адамга жетти.

Количество просмотров: 134