Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутаттар Медер Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосунда кайрадан талаш жаралды.
Отурумда Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралып жаткан.
Эске салсак, буга чейин да депутаттар Улукбек Карыбек уулу менен Медер Алиевдин ортосунда кайым-айытыш орун калып, талкуу жаралган.
Бул окуядан соң парламентин төрагасы Марлен Маматалиев алардын ортосуна түшүп, депутаттарды элдештирген.