• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өспүрүмдү өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды

10 Жетинин айы 202313:34 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын 16 жаштагы тургунун М.Горький көчөсүндө жеңил унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүм окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгына шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Анын «БМВ Х5” үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулган.

Количество просмотров: 224