• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өспүрүмдөр абагына компьютердик класс ачып берүү тапшырмасы берилди

12 Тогуздун айы 2018 12:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
Өспүрүмдөр отурган абакка интернет өткөрүлүп, заманбап компьютердик класс ачып берүү зарыл. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн №14 колонияга барганда Билим берүү жана илим министрлигине ушундай тапшырма берди.
Өмүрбекова акыйкатчы Токон Мамытов жана “Балдар укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова менен чогуу абактагы шарттарды текшерди.
Колониянын ичиндеги мектептин мугалимдери окуу куралдары жана китеп жагынан жардам керек экенин айтышты.
Өмүрбекова кылмыш жасаган өспүрүмдөр жаза мөөнөтүн өткөндөн кийин коомго аралашууда психологиялык жардамга муктаж экенин белгиледи.
Количество просмотров: 28