• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны өстүбү? (Графика)

7 Жалган куран 2023 13:40 Бишкек Govori.TV

Сузак районунун Сафаровка айылында мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү катары 10 — класстын бир нече окуучусу кармалды. Окуя 1-мартта болгон. Аны өзү окуган мектептин аймагында сырттан тааныш болгон балдар уруп, денесине залал келтиришкен. Кийин окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучуну ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр Сузак райондук ички иштер бөлүмүнун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кыргызстанда жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун саны өсүүдө. Анын бирден бир себеби өспүрүмдөр түнкү маалда улуулардын коштоосу жок көчөлөрдө кароосуз жүргөнү айтылат.

Төмөнкү графикадан 14 жаштан 17 жашка чейинки кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн саны акыркы 10 жыл аралыгында кандай өзгөргөнүн көрсөңүз болот.

Количество просмотров: 101