• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда мектептерде сабак маалында телефон колдонууга тыюу салынды

1 Аяк оона 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Орусия мектептеринде жаңы окуу жылынан тартып мобилдик телефон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу бул өлкөнүн агартуу министри Сергей Кравцов Жалпы орусиялык ата-энелер жыйынында билдирди.

“Жаңы санитардык эрежелерге ылайык, бизде жаңы окуу жылынан баштап сабак маалында, белгилеп кетейин, сабакта мобилдик телефон колдонууга жол берилбейт. Бул окуучуларды сабактан алагды кылбоо үчүн жасалууда”, – деди министр.

Министр өзгөчө абал жаралса, ата-энеге чалууга туура келсе, мугалимге кайрылуу керектигин кошумчалады.

Кравцов мобилдик телефондорду колдонуу балдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизе турганын да белгиледи.

Апрелде Сергей Кравцов мектептерге сабак алдында мобилдик телефондорду мугалимдерге тапшыруу боюнча сунуш жөнөтө турганын айткан.

Орусиянын Агартуу министрлиги 2019-жылы эле мектептерде мобилдик телефондорду колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Анда сабак учурунда телефон колдонууну чектөөнү окуучулардын 61%, ата-энелердин 89% жана мугалимдердин 90% колдогон.

Көптөгөн европалык өлкөлөрдө гажеттерге тыюу салынган эмес, бирок мектептерде аны колдонууга чектөөлөр бар. Маселен, Францияда 2018-жылдан бери башталгыч жана орто мектептердин окуучуларына мобилдик телефон колдонууга тыюу салынган.

Количество просмотров: 70