• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

2022-жылы Орусиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кеткен

9 Жетинин айы 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын сегиз айында Орусиядан рекорддук сандагы мигранттар чыгып кеткени катталды. Бул тууралуу Орусиянын Статистика боюнча федералдык кызматынын маалыматтарын анализдеп чыккан «Можем объяснить» телеграм-каналы кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, январдан августка чейин Орусияга 444 миң мигрант барса, 506 миң мигрант чыгып кеткен. Натыйжада чыгып кеткендердин саны киргендерге караганда 62,5 миңге көп болгон.

Адистер мындай көрсөткүч мурдагы жылдары, ал тургай коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда да катталбаганын билдиришет. 2020-жылы тескерисинче өлкөгө киргендердин саны чыгып кеткендерге караганда 68,8 миңге көп болгон. 2021-жылы келген мигранттар чыгып кеткендерге салыштырмалуу 212,3 миңге көп катталган.

Мигранттардын чыгып кетүүсүндө быйыл үч өлкө биринчи орунду ээлеген. Жыл башынан бери армениялык 15,7 миң, кыргызстандык 14 миң, өзбекстандык 13,7 миң адам Орусиядан чыгып кеткен.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, мекенине кайткан тажик мигранттардын саны буга караганда азыраак. Ошол эле маалда Тажикстандан Орусияга келгендер да быйыл мурдагы жылдарга караганда кыскарган.

Орусиянын президенти Владимир Путин октябрда азыркы миграциялык саясат концепциясын кайра карап чыгууну сунуштаган. Ал жаңыланса мигранттар арасында текшерүүлөр күчөй турганы айтылган.

Количество просмотров: 129