• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үстөгүн 20%га түшүрөт. Чүйдө 40тан ашык күрөөкана текшерилди

27 Бештин айы 202312:23 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы 40тан ашык күрөөкана текшерилген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө күрөөканалардын тастыктама-уруксат кагаздарына, күрөө мүлктөрүнө коюлган пайыздык өлчөмдөргө кароо жүргүзүлгөн.

«УКМК кызматкерлери үстөк пайызды 20%дан ашырбоо талабын коюшуп, кокус андан ашып кетсе, айып пул салынарын эскертишкен. Күрөөкана ээлеринин көбү талапка макулдук беришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачуу учурунда күрөөканаларды текшерүү, үстөк пайыздарын азайттыруу тапшырмасын берген.

Количество просмотров: 193