• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Стамбулдун аэропортунан кыргыз жараны өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасады (видео)

28 Аяк оона 2018 10:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.
Стамбулдагы «Ататюрк» эл аралык аэропортунда кыргыз жараны өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасап, экинчи этаждан боюн таштаган. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышкан.
Күбөлөрдүн айтымында, Кыргызстандын жүргүнчүсү Эл аралык терминалдын тепкичине чыккан. Башка жүргүнчүлөр муну кылбоосун өтүнүшкөн. Бул тоскоолдуктарга карабай, ал экинчи кабаттан өзүн таштаган. Суицидке барууну көздөгөн адам эркек киши болгон. Ага жеринин жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткиришкен. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Количество просмотров: 31