• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Стационарлардын биринде каза болгон ыктыярчы студент боюнча министрлик билдирүү таратты

14 Теке 2020 16:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги стационарлардын биринде медайым катары иштеп жаткан студент кыз каза болгону тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Медициналык академиянын 5-курсунун М.А., аттуу студенти «Discoveri» мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда ыктыярчы-медик (медайым) болуп иштеп жүргөн.

«2020-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 19:45те анын абалы кескин түрдө начарлап, титирей баштаган. Жүрөк реанимация ыкмасы жасалган, бирок ага карабастан саат 20:45те каза болуп калган. Кесиптештеринин айтуусуна караганда, мурда-кийин ден соолугуна даттанган эмес. Маркумдун сөөгү союлду. Алдын ала маалыматка караганда, кыздын өлүмүнө эки тараптуу пневмония себеп болушу ыктымал. Соттук-медициналык иликтөөдөн кийин акыркы диагноз коюлат. КР Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун жакындарына жана бирге окуган студенттерге терең кайгыруу менен көңүл айтат», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Количество просмотров: 1229