ОШТО ЖЕР СИЛКИНДИ
Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 01:36да Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Эркештам жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
УЛУТТУК БАНК МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН КУРДУ
Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алды. Чечим 28-февралда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Карабаева быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 2,8% жогорулап, жылдык инфляция 15,9% түзгөнүн айтып, «инфляциялык фон салыштырмалуу орточо» деңгээлде турганын кошумчалады.
Улуттук банктын маалыматына караганда, өлкөдө экономикалык активдүүлүк жогорулап, ички суроо-талап калыбына келүүдө. Ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшүнүн темпи январь айынын жыйынтыгы менен 4,8% түздү.
ТУРГУНДУН ҮЙҮНӨН ГАШИШ ТАБЫЛДЫ
Ош шаарынын жашоочусунан 2 килограммга жакын гашиш алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Ош шаарынын жашоочусу 1987-жылы туулган аял кишинин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйдөгү эмеректен кара баштыкка салынган 4 таңгактагы өзгөчө жыты бар баңгизат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул алынган зат 1 килограмм 904 грамм салмактагы афган түспөлүндөгү “Гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.