• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«СТВ» телеканалынын директору алмашты

19 Бирдин айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Шаикова Чолпон Кавылбековна Чүй облустук медиа борборунун (СТВ) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Чолпон Шаикова эмгек жолун 1993-1994-жылдары жеңил өнөр жай колледжинде кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштөөдөн баштаган.

Ал көп убакыт Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп эмгектенген.

2001-2006-жылдары «Кызыл Жарым Ай» коомунун Ысык-Көл облустук комитетинин төрайымы;

2003-2006-жылдары Ысык-Көл областтык маданият башкармалыгынын орун басары;

2003- 2007-жылдары Чолпон-Ата шайлоо комиссиясынын төрагасы;

2008-2012-жылдары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, 2004-2007-жылдары. Чолпон-Ата шаарынын жаштар комитетинин төрайымы;

2016-жылы – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, 2014-жылы катчылыкта медиа координатор болуп иштеген;

2015-жылы Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясында коомчулук менен байланыш боюнча адис кызматын аркалаган;

2016-2021-жылдары Ысык -Көл облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон.

Билим жогорку. 1988-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аяктап, «Тарых жана коом таануу мугалими» адистигине ээ болгон.

Количество просмотров: 161