• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Суваналиев: Кримчөйрө менен күрөшүп жатабыз

8 Тогуздун айы 2020 13:09 Бишкек Govori.TV

Өлкөдөгү кырдаалды Коопсуздук Кеңеши көзөмөлгө алып, азыр легитимдүү бийлик катары абалды турукташтырганга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басарынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 8-октябрда билдирди.

«Бүгүнкү күндө кырдаал оору болуп жатат. Себеби саясий күчтөр бири-бирине карма каршы чыгып сүйлөшүү жүргүзө албай жатышат. Мурунку бийлик кетпегенин, аралыктан иштеп жатканын айтып жатат. Учурда кырдаалга байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары катары кураторлук кылуудамын. Болуп жаткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн укуктук ченемдерибизди колдонуп, аракет кылып жатабыз. Башка күчтөр саясий кырдаалды дагы күчөтөбүз деп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтор менен дагы тийштүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда экстремисттик топтор менен дагы мурункудай күрөш жүрүп жатат. Бизде бир гана милдет — коопсуздукту көзөмөлдөө»,-деди Суваналиев.

Количество просмотров: 624