• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Суваналиев Ленин округу боюнча шайлоого катышууга арыз берди

13 Чын куран 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышуу үчүн арыз берди.

Маалыматка ылайык, Суваналиев Ленин округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга арыз берген 16-талапкер.

Суваналиев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн коменданты болуп турган. 2019-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек,  депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган. Аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары кафеде болгон мушташтан улам мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлаган.

Количество просмотров: 64